Көп берилген суроолорго жооптор

Бул жерде көп берилген суроолор топтолгон, сиз аларга кеңири жооп ала аласыз.

Сизге эң көп кездешкен суроолорго жооптор менен таанышып чыгууну сунуш кылабыз:

  • Мен эсебиме акча салдым, бирок алар ушуга чейин түшө элек?

    Call-center-ге чалып, төлөм күнүн/убактысын, реквизитин, терминалын, суммасын айтуу зарыл.

  • Мен кызматтын акысын төлөп жаткам, жана кокусунан терминал иштебей калды (өчүп калды ж.у.с.), эмне кылышым керек?

    Төлөмдү текшерүү үчүн Call-center-ге чалып, операторго төлөм күнүн/убактысын, реквизитин, терминалын, суммасын айтуу зарыл.

  • Сиз төлөп жатканда ката кетирсеңиз жана берилген ката киргизилген номер иштесе

    Call-center-ге чалып, төлөм күнүн/убактысын, туура эмес реквизитин, туура реквизитин, терминалын, суммасын айтуу зарыл. Төлөмдү кароо мөөнөтү аткарылганда жана төлөнгөн сумманы же анын бөлүгүн аны алган киши пайдалана элек болгондо төлөмдү жокко чыгарууга болот.

  • Сиз төлөп жатканда ката кетирсеңиз жана берилген ката киргизилген номер иштебесе

    Call-center-ге чалып, төлөм күнүн/убактысын, туура эмес реквизитин, туура реквизитин, терминалын, суммасын айтуу зарыл. Реквизит 1-3 санга айырмаланса, төлөм бир жумуш күнүнүн ичинде туура реквизитке которулат. Реквизит түп-тамырынан бери айырмаланса, төлөм кардардын арызы боюнча кайра которулат. Арызды толтуруу үчүн кардар Шопоков к., 75/1 дарегине келиши керек, кабыл алуу убактысы – иш күндөрү 9:00-13:00. Жанында төлөмдү ырастаган чек, паспорт, тапшыруучудан квитанция/келишим ала келиши керек.

  • Чектин дубликаты

    Call-center-ге чалып, төлөмдүн маалыматтарын айтуу зарыл. Чектин дубликатын e-mail, факс, курьер аркылуу алса болот.

  • Эгер купюраны АСУ терминалы чайнап алса эмне кылыш керек?

    Call-center-ге чалып, убактысын, купюранын номиналын, жана кайсы кызмат үчүн төлөгөнү жатканыңызды билдиришиңиз керек. Купюра алынары менен биз Сиздин төлөмүңүздү өткөрөбүз.

  • Акча каражаттарын эсепке киргизүүнүн мөөнөттөрү кандай?

    Уюлдук операторлор, интернет-провайдерлер, кабелдик/санарип телекөрсөтүү – көз ирмемде; ТКЧ сектору – 3 жумуш күнүнүн ичинде

  • Акчаны кантип кайтарып алса болот?

    Call-center-ге чалып, төлөмдүн маалыматтарын айтуу зарыл. Акча каражаттарын кайтарып берүү төлөмдү тастыктаган чек, кардардын паспорту, тапшыруучудан квитанция болгондо мүмкүн.