QIWI сервиси жөнүндө

QIWI – бул бардык күндөлүк кызматтардын акысын төлөө үчүн ыңгайлуу сервис. QIWI-нин жардамы менен 40тан ашуун компания-провайдерлердин кызматтарынын акысын төлөсө болот: шайма-шай байланыш, ТКЧ кызматтары, интернет, телекөрсөтүү, бекитилген байланыш ж.у.с.

Кыргызстанда QIWI өз колдонуучуларына төлөө аспаптарынын кеңири топтомун сунуш кылат: 500-дөн ашуун QIWI терминалы жана 1000-ден ашуун төлөм кабыл алуу пункту. Бардык QIWI төлөм куралдары жумасына 7 күн, күнүнө 24 саат режиминде иштейт, мында көпчүлүк учурда акча провайдердин эсебине реалдуу убакыт режиминде түшөт.
Төлөм сервисинин жардамы менен каалаган өнүмдөрдүн жана кызматтардын акысын төлөөнү сизге ыңгайлуу убакта ар кандай жолдор менен аткарса болот, мында акча каражаттары сиздин эсебиңизге корголгон биригүү боюнча көз ирмемде түшөт.